Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 1
«Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Кенекеевдин Өзгөрүш айыл аймагындагы соода түйүндөрүнүн ижара акысын чечип берүүңүздөрдү сурануусу жөнүндө»
Өзгөрүш айыл аймагындагы соода түйүндөрүнүн ижара акысын кайрадан жаңыртып берүүсү жөнүндө Өзгөрүш айыл аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз II-сессиясында карап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш Айылдык Кеңеши карап чыгып борбордун жанынан 500 м радиус алыстыкка чейинки жайгашкан соода-сатык жана жеке ишкерлик кылгандарга ижара акы 1500 (бир миң беш жүз) сомдон, ал эми калган аралыктагыларга 1 000 (бир миң) сомдон ижара акысы төлөнсүн.
2. Өзгөрүш айыл аймагынын соода-сатык жана жеке ишкерлик кылган инсандардын ижара акысын 2014-жылга кайрадан келишимдерди карап чыгып өзгөртүү жагы жерге жайгаштыруу комиссиясына жана жер адис К.Кенекеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Бечелов |