Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 4
“Өзгөрүш айылынын тургуну Шадыкаков Анарбектин арызы жөнүндө”
Өзгөрүш айылынын тургуну Шадыканов Анарбектин ФПСтин жеринен ижарасыз мураптарга жер сураган 5 мурапка 1 жерден болуп беруусу жөнүндө, арыздын негизинде Өзгөрүш айыл Аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз II-сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылынын тургуну Шадыканов Анарбектин ФПСтин жеринен ижарасыз мураптарга жер сураган арызы боюнча жалпы ФПСтин жери такталып бүтмөйүнчө токтотуп турууга жана арызы көзөмөлдө турарына эскертилет.
2. А.Шадыконовдун арызы боюнча маалымат берүү жагы жер адиси К.Кенекеевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Бечелов |