Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 5
“Өзгөрүш айылынын тургуну А.Таныстановдун арызы тууралуу”
Өзгөрүш айылынын тургуну А.Тыныстановдун жери жок бирок жер күбөлүгү, ошого жер болуп беруусу жөнүндө жана Өзгөрүш айыл аймагынын тургундарынын жер үлүштөрүбүз жетпейт деген арыздарынын жогорку кенештин чечими менен жер үлүш ала турган инсандардын арызынын негизинде Өзгөрүш айыл Аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз II-сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылынын тургуну А.Тыныстановдун үлүш жери жок деген арызын канаттаандыруу максатында жер адис К.Кенекеевке Өзгөрүш айыл аймагындагы бардык жер контурларын изилдөөгө алып жана жер үлүштөрү жетпеген инсандардын жер үлүштөрүн толуктап берүүсүн жер комиссия менен биргеликте жер адиске жүктөлсүн.
2. Жогорку кеңештин чечими менен жер үлүштөрүн ала турган инсандардын арызын канааттандыруу жагы жер комиссиясынын жана жер адис К.Кенекеевдин сунушунун негизинде ар бир арызды жекече айылдык кеңеш кароо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Бечелов |