Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 10
«Мүрзөгө кетчү жолду оңдоп түзөөгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Такенов Мукундун чыгыш эки жагынан мүрзөгө кетчү жолду оңдоп түзөөгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Өзгөрүш айыл Аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз II-сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилешов Жаныбектин жана Бапиев Максаттын чыгуу жагынан мүрзөгө кетчү жолго кум, шагыл төгүп берүүсүнө 60000 (алтымыш миң) сом ЖКХ ст. бөлүнсүн.
2. Комиссиянын көзөмөлдөө курамы Д.Төлөшов, Ш.Райымбеков жана Н.Бейшебековко жүктөлсүн.
3. Аталган жолду ондоп түзөө иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Бечелов |