Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 15
«Өзгөрүш айыл аймагынын карамагындагы КБФ жерлерин тактоо максатында жер адис К.Кенекеевдин сунушу тууралуу»
Өзгөрүш айыл аймагынын карамагындагы КБФ жерлерин тактоо максатында жер адис К.Кенекеевдин Өзгөрүш айыл аймагындагы КБФнын жерлери Бакай-Ата мамкаттоонун берген тактамасы менен 13 га жер аянты жетпейт деген сунушунун негизинде Өзгөрүш айыл Аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз II-сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси К.Кенекеевге КБФнын жерлерин Бакай-Ата мамкаттоо менен биргеликте кийинки сессияга чейин тактоо жагы жүктөлсүн.
2.Бакай-Ата мамкаттоо башкармалыгынан Өзгөрүш айыл аймагындагы КБФнын жерлерин тактап берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |