Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 8-3
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердү ү лү ктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо үчүн 701- бөлүм 2111- беренеге 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |