Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 8-4
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИСтен экскватор алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИСтен экскватор алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИС тен экскватор алуу үчүн өздүк салымга 2017-жылдын калдык акчасынан 704-91- бөлүм 3112-беренеге 500,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |