Редакцияот 27.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясы

2018-жылдын 27-январы № 8-5

“Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогундагы көмүр кенин ачык казуу ыкмасында казууну токтотуу жөнүндө”

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогунда “Сага-Мага” ЖЧК сы кен байлыктарды геологиялык чалгындоо иштерине берилген лицензиясы менен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз айыл чарба жерлеринин кыртышын жана булактын көзүн бузуп, жерди казып жаткандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн берген маалыматын, айылдык кенешинин депутаттарынын жер кыртышын ачык казуу ыкмасында казууну токтотуу жөнүндөгү сунушун угуп, көтөрүлгөн маселени Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 8-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогундагы “Сага-Мага” ЖЧК сы тарабынан аткарылып жаткан геологиялык чалгындоо иштерине түзүлгөн техникалык долбоорго ылайык жүргүзүү эрежесин жана мыйзамдуулугун карап, тиешелүү органдарга кайрылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Назарбаев