Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 8-8
“Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |