Редакцияот 12.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) тогузунчу сессиясы

2018-жылдын 12-марты № 9-1

“Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын тургуну, спорттун чебери Атабаев Алмазбек Каримбердиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө”

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын тургуну, спорттун чебери Атабаев Алмазбек Каримбердиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын тургуну, спорттун чебери Атабаев Алмазбек Каримбердиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө сунуш берилсин.

2.     Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын тургуну, спорттун чебери Атабаев Алмазбек Каримбердиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев