Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 10-1
“Кыргыз-Ата СПА сынын бюджетин жана 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө “
“Кызыр-Ата” СПА сынын 2018- жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
4. Кызыр-Ата СПА сынын 2018- жылга эски карыздары кошулуп бюджети жана иш планы сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
5. Иш планды өз убагында жана толук аткаруу жана эски карыздарды өндүрүүнү көзөмөлгө алып туруу Кызыр-Ата СПА сынын кенешинин төрагасы М.Асановго тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин
2018-жылдын 12-майындагы № 10-1
токтомуна тиркеме
Кызыр –Ата СПА сынын 2018-жылга бюджети
Кызыр-Ата СПА сынын 2018-жылдын 1- январына карата ички каналдардын жалпы узундугу 17,05 км. Анын ичинен 5,3 км аралыгы бетон каналдары жана лотоктор, ал эми 11,7 км аралыгын жер каналдары түзүп, 1128 га сугат жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.
Кыргыз-Ата СПАсы 2018-жылдын жалпы ө кү лдө р жыйынында жалпысы болуп 726 800 сомго бюджеттин бекитилди. Анын ичинен райондук суу чарба башкармасына 125 703 сом, эмгек акыга 216 000 сом соц казынага 30 656 сом, административдик чыгым, 23 400 сом, транспорттук чыгымдарга 50 150 сом, ички каналдарды оңдоого кеткен чыгым бюджет эсебинен 152 800 сом, ашар жолу менен 54 079 сом, мамлекеттик салык кызматына төлөм, 19 656 сом, каралбаган чыгымдарга 51 428 сом, СПАлар союзунун мүчөлү к акысына 2928 сом каралган болчу.
Ал эми 2017-жылында 440 000 сом жыйналып, 67.4 % аткарылып жатат.
№ | Айылдар | План | Факт | Карызы | % |
1 | Кыргыз-Ата | 186420 | 126815 | 59605 | 68 |
2 | Ак-Булак | 201660 | 92938 | 108722 | 46 |
3 | Кө тө рмө | 145140 | 77965 | 67175 | 53.7 |
4 | Борко | 143580 | 142282 | 1298 | 99 |
| Жалпы сумма | 676800 | 440000 | 236800 | 65 |
2018-жылдында жыйналган акча каражатын ичинен чыгымдалганы боюнча : райондук суу чарба башкармасына 140195 сом, эмгек акыга 138 572 сом, соцфондко 27798 сом, мамлекеттик салык кызматына 26840 сом, транспорттук чыгымдарга 16500 сом, административдик чыгым 18395 сом, ички каналдарды оңдоого 120 000 сом, СПАлар союзунун мүчөлүк взносуна чыгымдалып, жалпысы болуп 490 000 сомду түзгөн.
2017-жылы Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Сө гө т латогуна 200 000 сом, Борко арыгына 60 000 сом, Борко завирин тазалоого 150 000 сом, Күнгөй арыгын тазалоого 60 000 сом жалпысы болуп 470 000 сом каралды. Грант эсебинен 50 000 сом акча каражаты каралды
Кызыр-Ата СПАсынын тө рагасы | М. Асанов |