КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) онунчу сессиясы
2018-жылдын 12-майы № 10-4
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын штаттык түзүмүн бекитүү жөнүндө ”
Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын штаттык түзүмү бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык түзүмдүн негизинде иш алып баруу жагы “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердуулукту колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин
2018-жылдын 12-майындагы № 10-4
токтомуна тиркеме
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын түзүмү
Директор
|
Электромоторист 1 | Главный инженер | Бухгалтер |
|
Экскваторщик 1 | Сантехник 4 | Оператор-кассир |
Охранник 4 |
| Контролер 4 Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө, Борко айылдарында |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | Ж. Нурматов |