Редакцияот 12.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) онунчу сессиясы

2018-жылдын 12-майы № 10-5

“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы “Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушуна “Эркин экономикалык аймак” курууга жер ажыратуу жөнүндө” № 14 токтомун бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы “Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушуна “Эркин экономикалык аймак” курууга жер ажыратуу жөнүндө” № 14 токтомун бекитүү жөнүндөгү маселени депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын « Жер кодексинин» 11-беренесинин 2-пунктунун, 13-беренесинин 6-пункттарына ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы “Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушуна “Эркин экономикалык аймак” курууга жер ажыратуу жөнүндөгү” № 14- токтому бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев