Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-майы № 10-6
“Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Марипов Асамидиндин атын коюу жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Марипов Асамидиндин атын коюу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2018-жылдын 27- апрелиндеги жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул, эмгек сиңирген врач Марипов Асамидиндин аты коюлсун.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө белгилүү коомдук ишмер, ардактуу атуул, эмгек сиңирген врач Марипов Асамидиндин атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |