КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он биринчи сессиясы
2018-жылдын 21-июлу № 11-2
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 6 айдагы аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын отчетун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарылгандыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн өз убагында толтурулушу жана чыгаша бөлүгүнүн максаттуу пайдаланышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |