Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июлу № 11-4
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин долбоорун жана 2020-2021 жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган айылдык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2019-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашаларыны долбоору 21059,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9464,0 мин сом менен) жана 2020-жылга 20897,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9046,2 мин сом менен) жана 2021-жылга 20907,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9046,2 мин сом менен болжолу белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн долбоору жана болжолу жактырылсын, кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |