КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) бешинчи сессиясы
2017-жылдын 10-июну № 5-1
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери жөнүндө ”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтунун аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтунун аксакалдар сотунун курамына айылдык кеңештин депутаттары Ниматова Бүсайра жана Кочкоров Кубатбек мүчөлүккө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |