Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 15-январы № 9/2
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2017-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2017- жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2018-жылга бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2017-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү жана чыгашалар бөлүгү 230523 (эки жүз отуз миң беш жүз жыйырма үч миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А. Айдакеевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыракунов |