Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 15-январы № 9/3
Көк-Жар айыл аймагынын “ Алтын-Тастар булагы”суу пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын “ Алтын-Тсатар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Исаковдун жана эсепчиси Г. Сакенованын 2016-2017-жылы аткарылган иштеринин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “ Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы “ суу пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 253440 ( эки жүз элүү үч миң төрт жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.
4. “ Алтын-Тастар” коомдук бирикмесинин мурунку элдик жыйында кабыл алынган тарифтери өзгөрүүсүз калтырылсын.
Төрага | А.Кадыракунов |