Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 15-январы № 9/8
Кароолчулук жумушчу ордун түзүү жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануучу долбоордун негизинде толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн айылдын күрөш залын талап-тоноодон сактоо багытында кайтарууга алуу муктаждыгын чечүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган күрөш залын кайтарууга алуу үчүн кароолчулук жумуш орду түзүлсүн.
2. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароолчу үчүн эмгек акысын эсептеп, төлөп берүү жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н. Кененбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыракунов |