Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 10/3
Көк-Жар орто мектебинин курулуп бүтпөй калган жараксыз спорт залын жана актовый залын ашканасы менен бузуу жөнүндө
Көк-Жар орто мектебинин курулуп бүтпөй калган жараксыз спорт залын жана актовый залын ашканасы менен бузуу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Жар орто мектебинин курулуп бүтпөй калган жараксыз спорт залы жана актовый залы ашканасы менен бузулсун.
2. Бузулган курулуштун кирпичтери 1 (бир ) сомдон бааланып муктаж болгон айылдын тургундарына сатылсын.
3. Сатылган кирпичтердин акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетуна которулсун.
4. Акча каражатынын чыгымдалышын көзөмөлдөө жагы башкы эсепчи Н. Кененбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Кадыракунов |