Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХVI сессиясы
2018-жылдын 28-майы № 7
Нарын шаарынын Туусун жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин, Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын Туусуна сынак өткөрүү боюнча комиссиясынын корутундусунун жана сынактын жыйынтыгынын негизинде, туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын Туусу шаардын аймагындагы расмий эн белги катары аныкталсын.
2. Нарын шаарынын Туусу катары сынактын жеңүүчүсү Рахатбек уулу Эркин тарабынан сунушталган үлгү бекитилсин (1-тиркеме).
3. Нарын шаарынын Туусунун мазмуну, чечмелениши жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (2-тиркеме).
4. Нарын шаарынын Туусунун алгачкы эскиздик үлгүсүн даярдоо иштери Туунун автору тарабынан каржыланаары эске алынсын, ал эми мындан аркы аны даярдоого байланыштуу каржылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
5. Нарын шаарынын Туусун сактоо, туура жана максаттуу пайдаланууну көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |