Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыштын XXII-сессиясы
2018-жылдын 28-майы № 21/1
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан каржыланган долбоорлордун (атайын каражатын) сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан каржыланган долбоорлордун (атайын каражатын) сметасы бекитилсин:
-“Жабдылган мектеп – сапаттуу билим берүүгө карай жол” чакан долбоорун ишке ашыруу үчүн керектелүүчү акча каражаттын сметасы 1 206 000 (бир миллион эки жүз алты миң) сом;
- “Балдар –биздин келечегибиз” чакан долбоорун ишке ашыруу үчүн керектелүүчү акча каражаттын сметасы 1 150 000 (бир миллион бир жүз элүү миң) сом;
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын;
3. Каражатын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук каржы жана казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |