Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыштын XXII-сессиясы
2018-жылдын 28-майы № 21/2
Ак-Муз айылындагы А. Турдубаев атындагы көчөнү толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылындагы А. Турдубаев атындагы көчөнүн узундугу 1100 метр толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдук берилсин .
2. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Ак-Муз айылындагы А. Турдубаев атындагы көчөнүн узундугу 1100 метр толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета проектиге кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |