Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыштын XXII-сессиясы
2018-жылдын 28-майы № 21/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтынан муниципалдык Мончо курууга жер аянтын бөлүп бекитип берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 25.06.2004-жылдагы № 21-1 токтому менен бекитилген Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 4-02-10-1001-0121 коду менен Пилораммага тиешелүү 4215 чарчы метр жер аянтынын ичинен 1400 чарчы метр жер аянты жаңы муниципалдык Мончо салууга берилип, калган 2815 чарчы метр жер аянты Пилораммага калтырылсын .
2. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин бир айлык убакыттын ичинде Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э. Алымкуловго тапшырылсын.
4. Муниципалдык Мончонун проектисине жана каттоодон өткөрүүгө кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Өмүралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |