Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2018-жылдын 7- февралы № 16/2
Кара-Суу айылындагы эски мектептин имаратын жаштар уюмуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын жаштарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы А.Токбаев көчөсүнүн№58 даректеги пайдаланылбай турганэски мектеп имараты айылдын жаштар уюмуна 2018-жылдан 2028-жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Мектепке тийштүү документтерин тактап,жаштар уюмуна өткөрүп берүү жагыайыл өкмөттүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Музуралиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы З.Исираиловго тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |