Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2018-жылдын 7-февралы № 16/3
Кара-Суу айылындагы таза суу башатын «Ак-Кыя сервис» муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө
Кара-Суу айылындагы таза суу башатын «Ак-Кыя сервис»муниципалдык ишканасына кошуу тууралуу өкмөт башчы З.Исираиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу башатын муниципалдык ишканага кошуп,иш алып баруу жагы колго алынсын.
2.Суу башатын,айыл ичиндеги колонкаларды,суу пайдалануучуларды тактап,ишканага өткөрүп алуу жагы ишкананын директору М.Абдыжапаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы З.Исираиловго тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |