Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2018-жылдын 21- февралы № 17/2
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 16.02.2018-жылдагы №24 буйругун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Суу айылындагы «Көл-Төр Уздары» коомдук бирикмесине иш бөлмө бөлүп берүү жөнүндөгү Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн 16.02.2018-жылдагы №24 буйругун бекитип берүү тууралуу З.Исираиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 16.02.2018-жылдагы № 22 буйругу бекитилсин.
2. «Көл-Төр Уздары» коомдук бирикмесине алынган эмеректер айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы З.Исираиловго тапшырылын.
Төрага | Р.Зарлыков |