Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 15- марты № 18/2
Ак-Кыя айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 2018-жылдын 7- февралдагы № 16/1 Токтомундагы каралган акча каражатын статьядан статьяларга которуу жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2018-жылдын 7- февралындагы № 16/1 Токтомундагы Башкаруу аппаратына бөлүнгөн 2215 4900 статьясында каралган 1878700 сомдон, төмөндөгү статьяларга которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы К. Музуралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
статья | АТАЛЫШЫ | СУММА (мин сом) |
БАШКАРУУ АППАРАТЫ БОЮНЧА | ||
3112 | Ак-Кыя айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин кабинеттерин жылытуу үчү н жылыткычтарды сатып алуу | 100 000 |
2222 | Кара-Суу,Жаны-Жол айылдарындагы эстеликтерди ондоо үчүн | 55 000 |
2221 | Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Коомдук бирикмесине» берилген кабинетти ремонттоого | 100 000 |
2222 | Жаны-Жол айылындагы көчөгө алюмний электр чубалгыларын (2 км) сатып алууга | 37 000 |
3112 | Үрөөндүк фондко 40 тн контейнер сатып алуу | 70 000 |
3112 | Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаны-Жол конторасына эмеректерди сатып алууга | 53 000 |
2215 | Кара-Суу айылындагы таштандыларды (мусор) таштоочу жер аянтчасын техникалар менен түрттүрүп туруу үчүн | 30 000 |
3112 | Кара-Суу айлынын жаштар уюумуна керектүү инвентарларды алууга | 50 000 |
3112 | Жаны-Жол айылынын жаштар уюумуна керектүү инвентарларды алууга | 50 000 |
| Баары: | 545 000 |
| МАДАНИЯТ ТАРМАГЫ БОЮНЧА |
|
3112 | Кара-Суу айылындагы клубга музыкалык аппаратура алууга жана клубдун айланасын тосууга | 180 000 |
3112 | Улуттук оюндарды колдоого алуу үчүн Улакчы жана Ордо оюнун өткөрүп туруу үчүн керектүү эмерек , кийим, бут кийимдерди алууга | 100 000 |
| Баары | 280 000 |
АГАРТУУ ТАРМАГЫ БОЮНЧА | ||
3112 | Кара-Суу айылындагы Ш. Рысмендеев ат.о.мектебине керектүү эмеректерди сатып алууга | 200 000 |
3112 | Жаны-Жол айылындагы «М-Сакин апа» бала-бакчасынын ашканасына эмеректерди сатып алууга | 100 000 |
| Баары: | 300 000 |
| Жалпы: | 1 125 000 |
Жалпысы: 1 125 000,00 ( Бир миллион бир жүз жыйырма беш мин сом,00 тыйын) сом.
1. Ак-Кыя айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2018-жылдын 7- февралдагы № 16/1 Токтомундагы Башкаруу аппараты болугундогу 2215 4900 статьясында каралган 1 878 700,00 (Бир миллион сегиз жуз жетимиш сегиз мин жети жуз сом, 00 тыйын) сомдон, 1 125 000,00 (Бир миллион бирж уз жыйырма беш мин сом , 00 тыйын) сом акча каражаты жогорудагы таблицада көрсөтүлгөн статьяларга которулсун.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максатка ылайык чыгымдоо жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З. Исираиловго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Музуралиевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кенештин бюджеттик комитетине тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |