Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 19/1
Элдик жыйындын чечимдерин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылында өткөрүлгөн 23.03.2018-жылдагы №4 жана Жаны-Жол айылында өткөрүлгөн 28.03.2018-жылдагы №5 «Чабандардын мал багуу акысы жана жайыт акысы,жазгы айдап себүүгө карата техниканын акысын бекитүү» тууралуу элдик жыйындын чечимин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Б.Токсонованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айылында өткөрүлгөн 23.03.2018-жылдагы №4 элдик жыйындынчечими бекитилсин.
2. Жаны-Жол айылында өткөрүлгөн 28.03.2018-жылдагы №5 элдик жыйындынчечими бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айыл окмот башчысынамилдеттендирилсин.
Төрага | Р.Зарлыков |