Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2018-жылдын 3-апрели № 19/4
Айыл аймагынын айыл өкмөтүндө айылдардын инфраструктурасын оңдоо, санитардык тазалоо,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жөнүндө
Айыл аймагында айылдардын инфраструктурасын оңдоо, көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын сактоо боюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдардын инфраструктурасын оңдоо көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын сактоо иштери колго алынсын.
2. Үйлөрүнө киргизилбей көчөлөрдө топтошуп турган малдарын короолоруна киргизип алуу, көчөлөрдү таза кармоо боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы «Ак-Кыя сервис» муниципалдык ишканасынын директору М.Сапаровго тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |