Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 20/3
Ичүүчү таза суунун акы төлөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагыкалкты таза суу менен камсыз кылуу максатында ичүүчү таза суунун акы төлөмүн бекитип берүү жөнүндө «Ак-Кыя сервис» муниципалдык ишканасынын директору М.Сапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл аймагынын калкынын пайдаланган ичүүчү таза суусу үчүн төмөндөгүдөй төлөм бекитилсин:
-үйүнө киргизип алып,пайдалангандыгы үчүн ар бир түтүн айына 100 (жүз) сом өлчөмүндө;
-көчөдөн ичкен таза суу үчүн ар бир түтүнгө айына 50 (элүү) сом өлчөмүндө
2. Белгиленген төлөмдөрдү Монополияга каршы күрөшүү агенттигинен бекиттирип,иш алып баруу жагы «Ак-Кыя сервис» муниципалдык тазалык ишкананын директору М.Сапаровго тапшырылсын
Төрага | Р.Зарлыков |