Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 10
Көк-Мойнок-2 айылындагы «Арпа тектир» участкасындагы 200,0 га жерди трансформациялоо жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» №2 сандуу жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу , Көк-Мойнок-2 айыл тургундарынын жашоо деӊгээлин жогорулатуу жана жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок-2 айылындагы «Арпа тектир» участкасындагы №1181 контурдан 200,0гектар жайыт жерин сугат айдоо, көп жылдык алма-бактар түрүнө өздөштүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берилсин .
2. Бул жерлерди трансформациялоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |