Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 10
Балыкчы шаарынын муниципалдык «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын суу түтүктөрү өтүүчү жер тилкелерин бөлүп боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын суу түтүктөрү өтүүчү жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Береке” участкасынын № 172, №173, №174, контурларынан Балыкчы шаарынын муниципалдык «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын суу түтүктөрү өтүүчү 3000 м2 жайыт жер тилкесин “Башка” жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Балыкчы шаарынын муниципалдык «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын суу түтүктөрү өтүүчү жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |