Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 12
Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт комитетин бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 435 300 сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Бир баш бодо малга -78 сом, бир баш жаш бодо малга-55 сом, бир баш кой, эчкиге 16 сом.
3. Көчүү- конуу боюнча төмөндөгүдөй график бекитилсин:2018-жылдын 15-апрелинен баштап айдоо жерлерди коруу башталсын, 15-майга чейин жайлоого малдар көчүрүлсүн. “Кара-Саз” жайлоосуна 15-июндан кечикпестен көчүрүлсүн.
4. Кайра көчүп келүү 2018-жылдын 1-октябрынан башталсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |