Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы № 1
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган 3 086 898 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган 3 086 898 сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
1. С.Каралаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин спортзалын жана Көк-Мойнок-1 айылындагы жалпы билим берүү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салым үчүн 990 000сом.
2. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адис болуп иштеген иш сапарына бара жатып автокырсыктан каза болгон Исаева Чынара Рыскуловнанын үй-бүлөсүнө компенсациясына -300 000сом.
3. С.Каралаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 1-4класстарынын окуучуларынын тамак-ашына 150 000сом, Көк-Мойнок-1 жалпы билим берүү мектебинин 1-4класстарынын окуучуларынын тамак-ашына 90 000сом, Көк-Мойнок-2 негизги жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашына 50 000сом.
3. Айылдык Кеӊештин депутаттарынын командировкалык чыгымдарына 10 898сом.
4. Мамлекеттик социалдык заказга 300 000сом.
5. Көк-Мойнок айыл аймагында ар кандай тартип бузуулардын алдын алуу, жашоочулардын коопсуздугун эффективдүү жана өз убагында камсыз кылуу максатында милициянын участкалык инспекторунун бензинине -5000сом.
6. Көк-Мойнок-2 айылындагы «Арпа булуӊ» участкасына кетчү арыкты тазалап суу алып келүү үчүн 300 000сом.
7. Баткен коогалаӊынын катышуучуларына 10 000сом.
8. Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүнө 10 000сом.
9. Малдарды идентификациялоо үчүн ветеринар адистин кызмат көрсөтүүсүнө-10 000сом.
10. Эмгекчил газетасына жазылууга 11 000сом.
11. «Көк-Мойнок МТС» лизингке ала турган техникаларды камсыздандыруу үчүн 20 000сом.
12. Көк-Мойнок-2 айылына санариптик антенна кою үчүн атайын имаратты ремонттоо үчүн 20 000сом.
13. Бөкөнбаев айылынын тургуну боор оорусу менен ооруп жаткан Асаналиева Жибекке жардам берүү боюнча өткөрүлгөн марафонго 10 000сом .
14. Көк-Мойнок жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин жер салыгына карызы үчүн 800 000сом.
2. Бул токтомду өз убагында аткарууну айыл өкмөт башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |