Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы № 3
ПИЦ Кен-Тоо ишканасына жер аянтын беруу жана трансформациялоо жөнүндө
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарында жайгашкан «Газпром-Азия» нефтебазасынын ылдыйкы аймагы Союз убагында түтүктөр жарылып, күйүүчү май жерге сиӊип жердеги майдын тагы боюнча Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кайрылуусундагы ошол жерди ташып чыгып жана ордун толтуруу үчүн 3,0 гектар жер участкасын бөлүп берүү боюнча иш алып баруу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиева Майрамкүлгө милдеттендирилсин.
2. Ушул бөлүнүп бериле турган 3,0 гектар жер участкасынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
Төрага | Джодаев А.Б. |