Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 18
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнөн 2018-жылдын 01-январына карата калган калдыкты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин II-кварталынын сметасына киргизүү боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 01-январына карата калган 1876,8 (Бир миллион сегиз жүз жетимиш алты мин сегиз жүз) сом, атайын эсебинде калган 105,2 (Бир жүз беш мин эки жүз) сом, анын ичинен балдар бакчасына – 103,4 (Бир жүз үч мин төрт жүз) сом, мектептер үчүн 1,8 (Бир мин сегиз жүз) сом калдыктарды түзүлгөн сметанын негизинде иштетилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн VIII – бөлүктүн маданият (клуб) 2018-жылдын III- кварталынын 2222 “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесине бекитилген 80,7 (сексен мин жети жүз) сом, IV-кварталынын 71,0 (Жетимиш бир мин) сом, бардыгы 151,7 (Бир жүз элүү бир мин жети жүз) сом кыскартылып, II-кварталына 2222 “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” - беренесине 51,7 (Элүү бир мин жети жүз) сом, 2223 “кийим мүлкүн жана башка формалык жана атайын формалык предметтерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо” беренесине 100,0 (Бир жүз миң) сом жылдырылсын. (тиркеме тиркелет).
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бекитилген бюджеттик сметасынын кварталдык бөлүнүшүн теңдөө үчүн I-бөлүк ( аппараттын)
II- кварталынын 2231 “коммуналдык кызматтар” беренесинен 151,0 (Бир жүз элүү бир миң) сом кыскартылып, III-кварталына 80,7 (Сексен мин жети жүз) сом, IV-кварталына 71,0 (Жетимиш бир миң) сом жылдырылып берилсин. (тиркеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |