Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 20
Жаңы-Жер айылындагы жаңы конушка жана Кан, Кайыңды айылдарына электр чордондорун орнотуу үчүн 16 м2 жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы суу резервуары тарабына, Жаңы-Жер айылындагы жаңы конушка жана Кан, Кайыңды айылдарына электр чордондорду орнотуу үчүн 16 м2 жер бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы суу резервуары тарабына, Жаңы-Жер айылындагы жаңы конушка жана Кан, Кайыңды айылдарына электр чордондорун орнотуу үчүн 16 м2 жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы жаңы конушка жана Кан, Кайыңды айылдарына электр чордондорун куруу үчүн 16 чарчы метрден жер аянттары ажыратылсын.
3. Мыйзамдуу иш кагаздарын берүү жагы Баткен РЭТ ишканасынан суралсын жана тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |