Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 21
Айыл өкмөтүнүн балансындагы трансформаторлорду Баткен РЭТтин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн балансындагы электр чордондорду Баткен РЭТин балансына өткөрүп берүү жөнүндө жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн балансындагы Өрүк-Зар жаңы конушундагы, Жаңы-Жер айылындагы Суу резервуары тарабындагы орнотулуп бүткөн жана Жаңы-Жер айылындагы жаңы конушка жана Кан, Кайыңды айылдарына орнотула турган электр чордондору орнотулуп бүткөндөн кийин Баткен РЭТин балансына өткөрүп берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн балансындагы трансформаторлорду Баткен РЭТин балансына өткөрүп берүү боюнча иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |