Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 22
Чек айылына байланыш антенна орнотууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы борбордук мечитке тийешелүү болгон Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден байланыш антенна орнотууга жер аянтын аукционго берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы борбордук мечитке тийешелүү болгон Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден байланыш антенна орнотууга 25 чарчы метр жер аянтын аукционго берүүгө макулдук берилсин.
2. 25 чарчы метр жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |