Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 23
Арка куруу жөнүндө
Дара айыл аймагы менен Кыштут айыл аймагынын чек арасынан дарбаза (арка) куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагы менен Кыштут айыл аймагынын чек арасынан дарбаза (арка) куруу үчүн 2м2 жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |