Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- май № 24
Чек айылынын жашоочусу Орозбаев Умарбек жөнүндө
Чек айылынын жашоочусу Орозбаев Умарбек жарым жетим болгондуктан турак жай алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын жашоочусу Орозбаев Умарбек Дара аймагындагы там-арка салуу үчүн жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |