Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-майы № 25
Акматова Максаттын жеке арызы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну М.Акматованын балдары 1жана 3-топтогу майып болгондуктан ижарага алган жеринен ижара акысын жеңилдетип берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы 1-2 жана 3-топтогу жалпы майып жарандар АЧЖМФ ижарага алган жеринен баштапкы ижара баасынан 50% арзандатууга макулдук берилсин.
2. Ижара акыларынан арзандатуу боюнча иштерди мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Дара айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |