Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 26
Дара аймагындагы турмуш-шарты оор жарандарга жеңилдетилген түрдө ижарага жер берүү жөнүндө
Жаңы-Жер айылынын 406-контурунан 1га, Чек айылынын 96-контурунан 2,2га жер аянтын турмуш шарты оор жарандарга жеңилдетилген түрдө берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын 406-контурунан 1га, Чек айылынын 96-контурунан 2,2га жер аянты турмуш шарты оор жарандарга жеңилдетилген түрдө берүүгө макулдук берилсин. (Тизмеси 1 баракта тиркелет)
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |