Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- майы № 27
Алиева Катычанын жеке арызы жөнүндө
Чек айылынын тургуну Алиева Катычанын турак жайынын жанындагы жер аянтына иш-кагаздары даярдалып бүткөндүгүнө байланыштуу уулу Алиев Авазбекке турак жай куруу үчүн ажыратып берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Алиева Катычанын турак жайынын жанындагы жер аянтына иш-кагаздары даярдалып бүткөндүгүнө байланыштуу уулу Алиев Авазбекке турак жай курууга 0,12га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |