Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- майы № 28
Дара аймагындагы мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине ижарага алган жер аянттарына жеңилдик берүү жөнүндө
Дара аймагындагы мугалимдердин ижарага алган жер аянттарынан 3 тараптуу келишимдин негизинде жеңилдик берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагында эмгектенген мугалим жана медицина кызматкерлерине айыл-чарба багытындагы жерге аукционго катышууда жер акысынын баштапкы баасынан 50% арзандатууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |