Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7-майы № 29
Жаңы-Жер айылына чарба буюмдарын сатуу үчүн дүкөн курууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылына чарба буюмдарын сатуу үчүн дүкөн курууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн талкуулап Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылына чарба буюмдарын сатуу үчүн Жаңы-Жер айылынын башчысынын имараты турган жерден 25 чарчы метр жер аянтын аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. 25 чарчы метр жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |