Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы
2018-жылдын 7- майы № 30
Жаңы-Жер айылынын көчөсүнө С.Ботобаевдин атын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жер айылына маркум С.Ботобаевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Жер айылынын тургундарынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын түштүгүндөгү мурдагы Кызыл-Ордо көчөсүнө Сайпи Ботобаевдин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |