Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2016-жылдын 20-майы № 11
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Ак-Сай айылдык Кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Ак-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
Мамлекеттик тилде: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши-мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение- Айылный кенеш Ак-Сайского айылного аймака.
2. Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин-мекемесинин иштелип чыккан жобосу бекитилсин.
3. Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин-мекемесинин төрагасы Джолдошов Бабаалим Казыкановичке жүктөлсүн.
4. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы, Ак-Сай айылы.
5. Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин-мекемесинин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязкулов Эргеш Эшбаевичке жүктөлсүн.
Мамлекетик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Б.Джолдошов |